www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Балбак Зарлыкович, жакында эле Кыргызстанда өзүбүздүн автобустар чыгарыла баштары айтылды. Бишкектин мурдагы мэри катары сиз бул демилгеге кандай карайсыз?

- Туптуура! Кечээ күнү бир ишкер балдар чыгып, “биз дизелдик кыймылдаткыч менен иштөөчү автобус чогултуп жатабыз. Мэрия бизге эле заказ бербейби” дешти. Чындыгында эле өзүбүздүн өндүрүшчүлөрдү колдош керек да. Бишкектен чыккан автобустарды пайдалансак, анын эмнеси жаман?

Кошумча жумуш орундары ачылып, салыктар өзүбүзгө калат эле. Азыр кошуна өлкөлөрдөн алып келип жатабыз. Жеке ишкерлер сырттан алып келе беришсин, бирок мэрия алып келгенин мен колдобойм.

- Жашырганда эмне, азыр шаарды кыймылдаткан маршруттук кичиавтобустар. Автобус, троллейбустарды акырындап көбөйтүп, маршруткаларды азайтса болбойбу?

- Бир күндө шаарда 1450-1500 маршрутка каттамга чыгат. Эгер алар токтосо шаарда хаос башталат. Муну кантип чечсе болот? Муниципалитет керектүү сандагы автобус, троллейбустарды алып келип, каттамга чыгарганда гана маршруткалар өзүнөн өзү токтойт. Азырынча ал деңгээлге чыгалбай жатат. Демек, маршруткаларды пайдаланганга аргасыз. Бирок, бара-бара ошого барат го.

- БНИЦТО “Тез жардам” клиникасы болуп кайра түзүлдү. Бул канчалык туура чечим болду деп ойлойсуз?

- Абдан туура. “Тез жардам” оорулууну бир ооруканага алпарып, алар биринчи жардамды көрсөтүшү керек да. Бир ооруканадан экинчи ооруканага алып барганча кээ бирөөлөр өлүп калып атышпайбы. Россияда Склифосовский атындагы оорукана бар.

А бизде андай оорукана жок да. Ал эми БНИЦТОго башка жерден деле орун берсе болот, аны эми өкмөт өзү чечет да. Бирок, “Тез жардам” ооруканасынын ачылышы абдан туура чечим болду.

Булак: Азия News гезити

Последние новости