www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевди Башкы прокуратура суракка чакырды. Анткени ал 2009-жылдын январдан октябрга чейин Тышкы иштер министринин орун басары болуп тажик-кыргыз чек арасына жооп берген. Ушул иштер боюнча ал жооп берди. 2020-жылдагы митингден кийиндосу Бабановду сатып  «бакыт» тапкан министр Руслан Казакбаевдин Орусия Федерациясына болгон иш сапарынан кийин социалдык тармактарда талкуу жаралган: «Руслан Казакбаев өзү Орусияда официальный визит менен жүрсө, аны С.Лавров кабыл алса, анан суроого "кыргызча жооп берейин" дегени туура эмес.... Орус тилин билген соң, орусча жооп бере берсе болмок...Сергей Лавров деле арданат да, аны сыйлабагансып тоготпогонсуп алдында ага түшүнүксүз тилде сүйлөп жатса...»-дегендер болгон.

"Иий сен орустарга жан тартпа, кыргыз тилибизди урматташыбыз керек" деп бул постту окуп алып ага асылгандар болгон. Орустарда официалдуу жолугушууда болгон соң ал өлкөнүн мыйзамын сыйлап орус тилинде жооп бериши зарыл болчу. Кантсе да бакыйган державанын атка минери менен атайын жолугушууда эмеспи. Өз улуттук кыргыз тилибизди сыйлабангандыктан, сүйбөгөндүктөн мындай деп жаткан жокмун, мен да өз улуттук тилимди ардактайм... Болгону кыргыз чиновниктеринин ансыз да төмөн рейтингин баркын түшүрө бербегилечи дегим келген. Кыргызча суроо берген ошол журналист балада да күнөө бар. "С. Лавров биздин тилди биздин өлкөнү «унижать» этти, кокуй бизге мындай мамиле жасагандары болбойт, андай мындай" деп чымындан пил жасап ызылдагандар, болбогон эле кичине нерсе үчүн, анан да өзүбүздүн атка минерден ката кетип отурса да, калп кара күчкө аларды жерден алып көргө тыгып асыла бергенибиз такыр туура эмес. Өзүбүздүн катаны качан моюнга алышты үйрөнөшүбүз керек го.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости