www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Chicago Sun Times басылмасынын маалыматына караганда Чикаго шаарындагы  Trump Tower бийик имаратында бир эркек киши өзүн өзү аркан менен байлап бийиктикте асылып турат. Адам өзүнүн мындай жоругун Трамп менен жолугуу талабы менен актоодо.  

Болжолдуу маалыматка карата бул адам 20 жаштагы жигит. Саат 17:30 чамаларында жигит имараттын 16-катына чыгып, ал жерден белин аркан менен бууп боюн имараттан таштаган.

Азыркы учурда полиция жигитти имараттан түшүрүү амалдарын көрүп жатышат. Trump Tower жайгашкан көчө толугу менен полиция тарабынан бекитилген. Бирок, ага карабастан айлана-тегерегинде көптөгөн адамдар чогулуп жатат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости