www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусиянын борбору Минскиде 18-октябрда кезектеги нааразычылык акциясы өткөн. Ал учурда тартылган сүрөттөрдү Tut.by сайты жарыялады.

Митингге чыккан миңдеген адамдардын арасында кыргыздын улуттук баш кийими болгон "Бакай калпак" кийген эркек кишинин сүрөтү тарады. 

Белгилей кетсек, Минскидеги нааразычылык акциясынын бүгүн 71-күнү болду.

Эске салсак, Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразычылык акциялары токтобой келатат. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости