www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда 20дан ашуун киши кар бороонунун курмандыгы болду. Бул тууралуу NBC News билдирди.

АКШда аба ырайынан улам 23 адам каза болду. Оклахома, Кентукки, Миссури, Теннесси, Висконсин, Канзас, Небраска, Огайо, Кью-Йорк, Колорадо жана Мичиганда каза болгондор катталды.

Огайо штатында элүү унаанын катышуусундагы массалык кырсыктан төрт адам каза болду. Мичиганда тоңуп калган 82 жаштагы аял карылар үйүнүн жанынан көчөдөн табылып, кийинчерээк ал ооруканада көз жумду. Ошондой эле Нью-Йоркто аба ырайына байланыштуу эки адам, Буффалодо дагы бир адам, Денвер штатындагы Колорадодо эки адам каза болгон.

Абар ырайынын таасири ортоңку батыш жана түндүк-чыгыш тарапка түшкөн. Төрт жүз үй жана ишканалар электр жарыгысыз калды. Аэропорттордо үч миңден ашык рейс токтотулду.

Эске салсак, кар бороондору жана коркунучтуу суук АКШнын көпчүлүк аймактарын каптаган. Буга чейин АКШда аба ырайынын бузулушунан 9 адам каза болгону кабарланган. Кар бороону өлкөдө жаратылыш газынын өндүрүшүнүн рекорддук төмөндөшүнө себеп болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости