www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

10-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус менен жабыркагандардын саны 1 миллион 596 миң 496 жетти. Айыккандардын саны - 354 миң 6, каза болгондор - 95 миң 506.  Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды

Коронавирустун жайылуусу боюнча биринчи орунда турган АКШда 462 миң 135 жаран жабыркап жатат. Илдеттен 25 миң 410 жаран айыгып, ооруканадан чыгарылса, 16 миң 513 адам каза болду.

Испанияда 153 миң 222 адам вирусту жуктурган, 52 миң 165 жаран оорудан арылса, 15 миң 447 адам каза болду. Аталган өлкө жуктургандардын саны боюнча экинчи орунда турат.

Ал эми Италияда вирусту жуктургандардын саны салыштырмалуу азайып, 10-апрелге карата жалпы 143 миң 626 адам ооруп жатат. Анын 28 миң 470и айыгып, ооруканадан чыгарылса, 18 миң 279 жаран вирустан көз жумду.

Булак: Булак: NazarNews.kg

Последние новости