www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анын айтымында, акыркы убакта Кыргызстандын 2719 жараны Орусиядан, Болгариядан, Вьетнамдан, Доминика Республикасынан, Египеттен, Индиядан, Кореядан, Малайзиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Польшадан, Таиланддан, Түркиядан, Франциядан жана башка мамлекеттерден учак менен алынып келди. Азыр каалоочуларды алып келүү мүмкүн болбой жатканын айткан дипломат төмөнкүлөрдү билдирди:

«Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы убакта мүмкүн эмес».

Ниязалиевдин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 42 өлкөсүндө кыргыз жарандары бар. 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келгенин айткан. Ал мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарга кайрылып, аларды коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырган. «Азаттыкка» жүздөгөн мигранттар кайрылган. Алар өкмөттөн жолун таап, алып кетүүнү суранууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости