www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда COVID-19га каршы вакцинанын алгачкы сыноолору ийгиликтүү аяктады. Вакцинаны сыноодон өткөрүүгө 18ден 55 жашка чейинки 45 ден соолугу чың ыктыярчы катышканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ден соолугу чың 45 ыктыярчыга 28 күндөн кийин экинчи дозасы берилген. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, вакцина коопсуз жана эч кандай оор абалга алып келбейт. Айдын аягына чейин вакцина 30 миң ыктыярчыга сыноодон өткөрүлөт жана ал бир нече айга созулат.

Азырынча адамдын организминде антителаны жаратат деген 100 пайыз ишеним жок жана вакцинаны канча жолу өткөрүү керек экени белгисиз. Бирок бардык сыноолор адамдын ден соолугун чыңдай турганы белгилүү болду.

Буга чейин Россияда дагы коронавируска каршы вакцина ийгиликтүү сыноодон өткөндүгү маалымдалган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости