www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигиэкс-депутат Эркингүл Иманкожоева менен барлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

--Эркингүл эже, пандемияга байланыштуу шайлоо мөөнөтү жылдырылсын дегендер митинг уюштурганга да үлгүрүштү. Алардын койгон дооматтары орундуу элеби?

--Шайлоону жылдыруунун кажети жок. Анткени, Конституция боюнча убагында өтүшү керек. Жылсын дегендер, өздөрү жылса эмне болоорун түшүнбөй жатат. Ошон үчүн баары бир ал шайлоо өтүшү керек да. Эгер жылдырса, баягы 6-чакырылыштын депутаттары иштеши керек болот. Эл аны каалабайт! Жаңылануу, жаңы компетенттүү Парламент келишин күтүп жатышат.

--Шайлоонун өтүшүнө каршы болгондор шайлоого корогон каражат менен элдин өмүрүн сактап калуу мүмкүнчүлүгүн айтып жатышат. Алардын берген сунушу орундуу элеби?

--Шайлоого чынында ыгы жок акча ысырап болот, менимче азайтса болот чыгымдарды. Президент кандай болгондо дагы туура чечим чыгарды. Башкача кылганга анын акысы жок эле. Анткени, мыйзам ошондой.

--Бороновдун шайлоого деген каражатыңарды илдет менен күрөшкөнгө бергиле деген сунушу колдоо табабы?

--Боронов партияларга кайрылуу жасады, бирок алар угабы, укпайбы партиялардын иши. Менимче угушпайт. Шайлоодо эл баары бир акча сурашат. Аны партиялар жашы билишет. Анткени, элди көндүрүп алышкан. 

--БШК партиялардын жардамы биз аркылуу өтүшү керек. Жардам берүү добуш сатып алганга барабар дегендей ойду кыйытып жатышат го?

--БШК шайлоонун агитациясына чейин илдет учурунда жардам берген партиядардын каражатын тескегенге  тийешеси жок! Буюрса, илдетти ынтымак, биримдик менен жеңебиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости