www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарында 2000-жылы туулган А. уулу Б. аттуу кыргыз жараны изделүүдө.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жоголгон жарандын туугандарынын кайрылуусу келип түшкөндөн баштап, Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги анын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам тартипте иш алып бара баштаган.
“Учурда АКШнын компетенттүү органдары менен, ошондой эле Вирджиния жана Вашингтон штаттарындагы активисттер менен активдүү өз ара аракеттешүү жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Тышкы саясий ведомстводон кошумчалашкандай, Кыргызстандын элчилиги жарандын туугандары менен туруктуу байланышта болуп, бардык зарыл чараларды көрүү иштерин улантууда.