www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Калифорния штатынын Түндүк округунун Федералдык соту кечээ, 29-сентябрда орус хакери Евгений Никулинди 7 жыл 4 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Ал өзүнө коюлуп жаткан «АКШнын LinkedIn, Dropbox жана Formspring технология фирмаларынын системаларын бузуп кирген» деген айыптарды мойнуна албай турганын 30-мартта соттук териштирүүдө айткан болчу.

Маалым болгондой, судья Уильям Алсап аны күнөөлүү деп таап, бирок жасалган кылмыштардын оордугуна карабай, күтүлгөндөн жеңилирээк өкүм чыгарган. Сот Никулин англис тилин билбегендиктен, түрмөлөрдө отурган  башка кишилерге салыштырмалуу абакта кыйынчылыкка туш боло тургандыгын эске алып, ошол эле учурда абакта коронавирус жуктуруп алуу коркунучу жогору экендигин түшүндүрдү. Ал эми Никулин өзүн коргоо үчүн берилген сөз сүйлөө мүмкүнчүлүгүнөн баш тартты.

Белгилей кетсек, Евгений Никулин АКШнын өтүнүчү менен Чехияда 2016-жылы кармалган. Ал эми 2018-жылы ал Америка Кошмо Штаттарына өткөрүлүп берилген. Никулиндин сот жараяны март айында башталып, бирок коронавирустун айынан үзгүлтүккө учураган. Сот процесси башталганга чейин Никулин төрт жыл Американын ар кайсы түрмөлөрүндө отурган. Бул жылдар ага жазасы өтөлгөн жылдар катары эсептелинет.

Эске сала кетсек, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги программисттин Чехия тарабынан АКШга экстрадицияланышын  “эки тараптуу кызматташтыктын конструктивдүү негизин бузуу максатында атайылап жасалган кадам” деп баалаган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости