www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгалда коронавирусту алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Жумгал РИИБнин кызматкерлери жарандарга санитардык эпидемиологиялык  эрежелерди сактап иш алып барууларын эскертишүүдө. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын 29-сентябрь күнү Жумгал РИИБнин кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү   менен биргеликте  "COVID-19" илдетин алдын алуу жана жайылуусун болтурбоо максатында Жумгал районунда жайгашкан соода-сатык түйүндөрүн, базарларды, тамактануучу жайларды текшеришип, түшүндүрүү иштери жүргүзүшүп, бардык санитардык эпидемиологиялык  эрежелерди сактап иш алып баруулары эскертишти. 

Андан тышкары, Жумгал РИИБнин начальнигинин орун басары К. Тойчибаев Жумгал районунда шайлоо участкаларына  бекитилген милиция кызматкерлери санитардык-карантиндик эрежелерди сактап, жеринде кандай иш алып барып жаткандыгын  текшерип, инструктаж өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости