www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Nuke Bizzle атту репери өз клибинде социалдык фонддорду кантип алдап, кредиттик карта аркылуу акча уурдап жүргөнү чагылдырылган. Ыр саптарында ишсиздик көйгөйү менен өлкө органдарына кайра-кайра кайрылып кредиттик карталарга акча алгандыгы тууралуу баяндап, “Системаңарды алдап койдум” деп өзүнө өзү ор казган.  

Бирок, кылган иши өзүнө каршы иштеп12-сентябрьда ачыкка чыккан клип көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Пандемия маалында ишсиз калган адамдарга өкмөт акчалай жардам көрсөтүү системасын иштеп чыгышкан. Nuke Buuzle ошол акчалай жардамды алуу үчүн көптөгөн арызды ар башка адамдын атынан жазып байыган. Мындай жолду уккан адамдар да купуя жолду текшерип көрүүгө аракет кылышкан. Эмне максатта мындай ыр жазып клип тарткан эч кимге белгисиз. Бирок, кылган иши өзүнө каршы иштеп көп өтпөй Калифорния штатынын борбордук прокуратурасынын офиси аталган реперге байланыштуу тергөө амалдарын жүргүзө баштаган.

23-сентябрьда колго түшкөн репердин чөнтөгүнөн 8 кредиттик карта табылып, анын ичинен жетиси ар башка адамдын наамына таандык болгон.

Прокуратуранын тергөөсүнө ылайык репер жалпы сан менен 1,2млн $ уурдаган.

Азыркы учурда репер сот чечимин күтүп жаткан маалы. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости