www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылды. Ал өз кайрылуусунда БШКнын мүчөлөрүн кызматтан кетирүүнү талап кылат.

Алар Нуржан Шайлдабекова, Алмаз Асаналиев, Бахтияр Кадыров жана Гүлнара Батырова. Анын себебин Абдрахматова айрым мүчөлөр саясий оюндарга катышып жатканы менен байланыштырды.

— Кыргызстандагы 3-толкун ушул шайлоонун ыплас өткөнү үчүн болду. Ага түздөн-түз Боршайком жоопкерчиликтүү. Бирок, дагы деле жоопкерчиликти сезбей, эски саясатчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат, — дейт Абдрахматова, саясий соодалашуу болуп жатканын айтып, — баягы эле эски саясатчылар Боршайкомду кетиргиси келбей, алардын кызматта калуусуна кепилдик берип, эртеңки шайлоодо кайра эле ыплас жол менен келгиси келип атат. Буларды кызматтан албаса эртең эң чоң эки: парламенттик, анан президенттик шайлоо турат, мамлекеттүүлүктү жок кылганга чейин алып барышы мүмкүн. Кечээ көрдүк, «казанчынын өз эрки, кулагын кайдан чыгарат» болуп, мыйзамды каалагандай калдонбодубу. Өткөн президенттик шайлоодо дагы ушундай кылышты. БШК тарабынан толтура мыйзам бузуулар болгон, керек болсо кылмыш ишин козгосо болот. Бирок, ошентсе дагы «биз акпыз, биз мыйзамдуу, таза иштейбиз» деп жатышат, уят.

Ошондой эле ушул аптада БШКнын мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу жазган арызын дагы саясий оюндар башталганынан улам ошондой кадамга барганын айтат. Ал президенттин квотасы менен кызматта олтурган комиссиянын 4 мүчөсүн кызматтан алууну Сооронбай Жээнбеков отставкага кете электе айтып, кайрылган. Бирок жооп болбогондуктан, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кайрылганын кошумчалады.

Эске салсак, Атыр Абдрахматова Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү катары бир катар мыйзам бузууларды, кемчиликтерди БШКнын жетекчилигине айтып, чара көрүүнү сунуштап келет. Ал 5-октябрда толкуган элдин талаптарынын бири болгон БШКны таркатуу маселесин колдоп, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бирок азырынча Жогорку Кеңеш аны кабыл ала элек.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости