www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылы Лондон көпүрөсүндөгү терракты токтотууга жардам берген Стивен Гэллэнтке абактан 10 жыл эрте чыгууга уруксаат берди.

Маалым болгондой Стивен Гэллэнт мурда өрт өчүрүүчү кишини өлтүргөнү үчүн камакка алынган.  

2019-жылдын ноябрь айында 28 жаштагы Усман Хан Лондон көпүрөсүндө адамдарга кол салган. Маалыматка ылайык, Усман Хан мурда да террордук иш жүргүзүү фактысы боюнча камакка алынып мөөнөтүнөн мурда абактан чыккан. Көп өтпөй эле дагы бир терракт кылууга аракет кылган жеринен, бир нече киши аны өз жанын тобокелге салып токтотушкан.

Маалыматка ылайык, Стивен ал күнү абакта отурган адамдардын катышуусу керек болгон конференцияга катышуу үчүн түрмөдөн уруксаат алып чыккан. Конференцияга бара жаткан жеринен Усман Хандын кылыгын көргөн Стивен аны токтотууга аракет кылган.

Дээрлик бир жыл өткөндөн кийин Стивендин иши Елизавета II ханшайымы тарабынан каралып жаза мөөнөтүнөн он жыл эрте чыгууга уруксаат берилген. Бул Стивендин 2021-жылдын июнь айында абактан чыгууга мүмкүнчүлүк алганынын белгиси.

Мындай жаңылыкты уккан маркум өртө чүрүүчүнүн уулу келечекте Стивен менен жолугуу тилегин айтты. Стивендин мындай каармандыгын ал “жашоодо адам оң жолго түшүү мүкүнчүлүгү бар” экенин айткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости