Абдрахматова: "Жээнбековду элге каршы койгон адамдар, өз кызматтарын сактап калуунун аракетин көрүштү""
Саясат  |   |  2555

С. Жээнбеков өзүнүн командасын, Шайлдабекованы угуп, мени каралап, жалган маалымат таркатпа деп, парламенттик шайлоону көгөрүп өткөрүштү, аягы эмне болду? Бул тууралуу бүгүн БШКнын мүчөлүгүнөн өз ыктыяры менен кеткен Атыр Абдрахматова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“С. Жээнбеков өзүнүн командасын, Шайлдабекованы угуп, мени каралап, жалган маалымат таркатпа деп, парламенттик шайлоону көгөрүп өткөрүштү, АЯГЫ ЭМНЕ БОЛДУ? анан ошол эле С.Жээнбековду элге каршы койгон адамдар, кызматын сактап калуу аракетин көрүп, жаңы бийлик менен ага каршы саясий топтор менен да соодалашып, көнгөн адатынча “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарат” деп мыйзамды бурмалап биздин тагдырыбызды чече турган шайлоолорду өткөрөбүз деп элге каршы иштешүүдө”,- деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями