www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин мурдакы басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу Facebook социалдык тармагындагы өзүнүн баракчасына 4-октябрда өткөн шайлоо тууралуу өз ой-пикири менен бөлүштү.

Ибраим Нуракун уулунун сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:

“Бүгүн Кудрет Тайчабаров инимдин парламентке алдыңкы жаштарды алып келүү үчүн байлардын бири аларды колдошу керек деген пикирин окуп калдым. Бирок, 4-октябрдагы шайлоодо Алтынбек Сулаймановдун сулуу десе сулуу, акылдуу десе акылдуу жаштары өтпөй калбадыбы? Анда дагы не кылуу керек? Проблеманын баары акча менен кошоматчылардын армиясында болуп жаткансыйт.

Бул жолу “Мекенчил”, “Ыйман Нуру”, “Республика”, “Чоң Казат” партиялары бийлик партиясы деп саналып, акчалуулар кошоматчы-агитаторлору менен чогуу ушул тарапка ооп кетчүдөй болуп турат. Бизнесменге жаштардын, илим-билимдүү, адискөйлөрдүн кереги жок, бийликтин көлөкөсүндө жүрүү жетиштүү. 30 жыл бою ушундай болуп келген. Орустар айтмакчы бийлик “кто не с нами, тот против нас” деген принципти карманып келет.

Ошондо не болот? 20-декабрда кайрадан добуш сатып алуулар, кайрадан нааразылыктар, кайрадан революция…

Бул коркунучту алдын алууга форма-2, босого пайызды төмөндөтүү, күрөөнү азайтуу жетиштүү эместей. Баамымда, добушту сатып алууну да токтотуу керек. Кантип? Кур дегенде ушул жолу партияларга жер-жерлерде агитатор дегендерди жалдоого тыюу салынып, жалаң Радио-ТВ, социалдык түйүн аркылуу реклама, дебаттарга басым жасаса эл өзү тандап алар беле. Ким канча берди? Кандай машине айдап келди? Кандай ат минди? Кандай калпак кийди? Каяктын кулуну же тукуму деген суроолорду токтотуп, шайлоочуларыбызга депутаттыкка талапкердин мээсинин ичиндеги затты көрсөтүш керек болуп турат.

Билимдүү жаштарга акча чыгарбай эле, аламан жарыштан акыл-эстин күчү менен утуп келүү шартын байлар эмес, мамлекет, азыркы Садыр Жапаровдун бийлиги, парламент түзүп бериши керек эмеспи? Шайлоону добуштарды самсы саткандай эле сатып алып көнүгүп алган байлар, кошоматчылар жана алардын он миңдеген агитаторлору бузду. Ушуну ооздуктай албаганы үчүн экс-президент Сооронбай Жээнбеков муштум жеди”, – деди Ибраим Нуракун уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости