www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Жогорку соту Нью-Йорктогу прокурорлорго президент Дональд Трамптын салык декларацияларын берүү тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Трамптан документтерди алуу укугу Манхэттен округунун прокурору Сайрус Вэнске берилди. Ал эки аялга жашыруун түрдө берилген делген акча боюнча иликтөө жүргүзүүдө. Алар Трамп менен байланышта болуп, бул жөнүндө эч кимге айтпоо үчүн андан акча алышканын билдиришкен. Прокурор президенттин каржы документтери тергөөгө жардам берет деп эсептөөдө.

Трампка каршы дагы бир доо арызды Конгресстин үч комитети жазган. Алар соттон президентти каржы маалыматтарын ачыкка чыгарууга милдеттендирүүнү өтүнүшкөн. Бирок Жогорку сот өтүнүчтү четке кагып, чечим чыгаруу укугун төмөнкү баскычтагы сотторго калтырды. Бул Конгресс Трамптын салык декларациялары менен АКШда быйыл ноябрда өтө турган президенттик шайлоого чейин тааныша албайт дегенди билдирет.

Ал эми Трамп соттун чечимин «саясий куугунтук» деп атады. Өзүнүн «Твиттерине» «саясий жактан коррупциялашкан Нью-Йорк менен күрөшүүгө туура келерин» жазды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости