www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Шинжаңдагы мусулман азчылыктарына каршы "үрөй учурган" укук бузуулар үчүн Кытайдын жогорку даражалуу төрт расмий өкүлүнө санкция салды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайдын Шинжаң аймагынын губернатору Чэн Цюаньгого, аймактын саясий жана юридикалык комитетинин мурдагы башчысы Зу Хайлунга, коопсуздук тармагын тескеген жетекчиси Ван Мингшэнге жана Шинжаңдын коопсуздугун көзөмөлдөгөн мурдагы жетекчиси Хуо Лучюнга Кошмо Штаттарга виза берилбейт. Алардын АКШдагы мал-мүлкү да камакка коюлат.

"Кытайдын Коммунисттик партиясы Шинжаңдагы уйгурлардын, казактардын жана башка аз улуттардын укугун бузуп жатканда АКШ кол куушуруп отурбайт", - деп билдирди 9-июлда мамлекеттик катчы Майк Помпео.

Ал Кытай Шинжаң аймагынын тургундарын эмгекке мажбурлап, негизсиз кармап, калктын санын күчтөп көзөмөлдөп, алардын маданиятын жана мусулмандардын ишенимин жок кылууга аракет кылып жатканын кошумчалады.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана бир катар Батыш өлкөлөрү Кытай бийлиги Шинжаңдагы уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу ислам динин карманган этностук топторду «саясий тарбия лагерлеринде» негизсиз кармап турганын билдирип келет. Буга чейин Кытайдан келген ондогон казактар жана кыргыздар Шинжаңдагы туугандары лагерде кармалып турганын айтып, бийликке кайрылышкан.

Бирок Кытай бийлиги Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости