www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунда кайрадан бир катар чектөөлөр киргизилүүдө. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, облустар аралык каттамдар 10-июлдан тарта токтотулат.
Ошондой эле:
- ар бир райондун кире беришинде санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт;
- облус аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат;
- эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чаралардын, аш-тойлордун өткөрүлүүсүнө тыюу салынат;
- жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат берилбейт;
- мындан тышкары, той-мааракелерди өткөрбөө боюнча чектөөлөргө баш ийбегендерге, дары-дармек, азык-түлүк баасын жогорулаткандарга катуу чара көрүлөт.
Ош облустук казыятка илдетти жуктуруп албоо чаралары үчүн жума намаздарды токтотуу тууралуу сунуш берилди.
Булак: NazarNews.kg