www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жылы Орусия Украинанын куралдуу күчтөрүн толугу менен талкалап, жеңишке жетет. Мындай билдирүүнү АКШ армиясынын отставкадагы подполковниги Дэниел Дэвис маектеринин биринде айтканын РИА Новости таратты.

"2024-жылда Батыш каалап жаткандай бул жаңжалды токтото турушат дегенге караганда, Орусия андан жеңип чыгат деген ыктымалдуулук жогору. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн согушуу жөндөмдүүлүгү акырындап төмөндөп, ал эми Орусия аскерлери күч алууда", — деп белгилеген ал.

Дэвис Киевге караганда Москванын аскердик потенциалы бир топ күчтүү болгондуктан бул жаңжалдын башында эле анын аягы кандай аяктаары белгилүү болгонун кошумчалаган. Анын пикиринде, Украинанын жеңиши үчүн Батыштын курал-жарагы эми жардам бере албайт.

"Биз Украинага канча курал-жарак бербейли, анда жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү эч качан болгон эмес", — деген Дэвис.

Украинанын жайдагы олуттуу контрчабуулу ишке ашпай калгандан кийин Орусиянын аскерлери атайын операциялар жүргүзүлгөн аймактарда бараандуу жетишкендиктерди жасашты. 18-январда Россиянын Коргоо министрлиги атайын операциянын жүрүшү тууралуу маалымдап, анда россиялык аскерлер Донецк багытындагы Веселое айылын өз көзөмөлдөрүнө алышканын белгилеген. 21-январда Харьков облусундагы калк жашаган Крахмальное конушун бошотушкан. Мындан тышкары, Орусия десантчылары Запорожье облусундагы маанилүү позицияларга жайгашып, андан кийин аталган аймакты каршылаштарынан тазалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости