www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине автоунаа берүү аземине катышты.
Маалым ылайык, Орусия ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына гранттык негизде 28 унаа берди. А.Жапаров өз сөзүндө баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бир гана укук коргоо органдарынын эмес, жалпы коомчулуктун милдети экенин белгиледи.
«Баңгизаттын бардык түрүнүн жеке адамга да, бүтүндөй коомго да зыяны, кесепети, залакасы айтып бүткүс чоң. Баңгизат үй-бүлөлөрдү сыздатып, өмүрдү алат, элдин коопсуздугуна коркунуч жаратат. Ошондуктан урматтуу жарандар, ар бириңерди баңги затка каршы күрөшкө активдүү катышууга, дени сак жана коопсуз чөйрөнү өнүктүрүүгө чакырабыз», - деди ал.
Акылбек Жапаров Россия өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, бул жардамдын аркасында Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери өздөрүнүн потенциалын жана техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулата турганын белгиледи.
А.Жапаров республиканын акыркы жылдардагы өнүгүүсүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнө да токтолду. «2023-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомдон ашты, өсүү темпи 6,2%ды түздү.
2023-жылы консолидацияланган бюджет 575 миллиард сомду түздү, башкача айтканда 2,5 жылда эки эседен ашык өстү. Биз бардык мамлекеттик органдардын, анын ичинде Ички иштер министрлигинин практикалык материалдык-техникалык базасын жаңылоого жетиштик. Өсүп келе жаткан муундарыбыздын жыргалчылыгы үчүн баарыбыз баңгизатка каршы күрөшүшүбүз керек», - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
Булак: NazarNews.kg