www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иорданиянын түндүк-чыгышында, Сириянын чек арасына жакын жайгашкан америкалык аскерлердин турумуна жасалган учкучсуз учактын чабуулунан үч жоокер набыт болуп, көбү жараат алды. Бул тууралуу жекшемби күнү Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден билдирди жана ал бул үчүн Иран колдогон топторду айыптады.

"Кол салууга байланыштуу фактыларды чогултуп жатабыз. Муну Сирия менен Иракта аракеттенген, Иран колдогон радикал топтор жасаганын билебиз", - деди Байден.

Ал АКШ күнөөлүүлөрдү "качан жана алар зарыл деп эсептеген тартипте" жоопко тартарына эч кандай шек жок экенин белгиледи.

АКШнын Борбордук командачылыгы Иорданиядагы америкалык базага жасалган кол салууда үч аскер каза болуп, 15 киши жараат алганын ырастады.

Би-би-Синин маалыматына караганда, бул ХАМАС (АКШ жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган) радикал тобунун мүчөлөрү өткөн жылдын 7-октябрында Израилге кол салгандан бери аймактагы америкалык аскерлер каза тапкан биринчи учур.

АКШнын аскердик объектилерине кол салуулар болгон, бирок жабыркагандар тууралуу маалымат айтылган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости