www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү Орусиянын таасирине каршы күрөшүү үчүн 290 миллион доллар бөлүп жатат. Бул тууралуу кечээ, 27-декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп жактырган Өкмөттүн 2021-жылдагы ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча мыйзам долбоорлорунун биринде айтылган.
Мамлекеттик департамент Орусиянын таасирине жана дүйнө жүзүндөгү демократиялык институттарга ишенбөөчүлүктү жаратуу аракеттерине каршы күрөшүү үчүн 290 миллион доллар бөлүүгө милдеттенет. Тактап айтканда, сөз АКШнын мамлекеттик бюджетинен "Америка үнү" жана "Азаттык" радиолоруна каражат бөлүү жөнүндө болуп жатат.
Ошол эле учурда Кытайдын таасирине каршы күрөшүү үчүн 300 миллион доллар бөлүнгөн. Документтерде Европа, Евразия жана Борбор Азиядагы укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүнүн потенциалын жогорулатуу программалары, ошондой эле коопсуздук жаатында кызматташтыкты чыңдоо үчүн бөлүнгөн каражаттар жөнүндө сөз болот.
АКШнын бюджети ошондой эле Россия Федерациясындагы жана Европанын башка өлкөлөрүндөгү, Евразиядагы жана Борбор Азиядагы демократияны өнүктүрүү программаларын, анын ичинде Интернет эркиндигин жайылтууну каржылоону камсыз кылат. Ошол эле учурда, 20 миллион доллар Борбордук Европада демократияны жана жарандык коомду бекемдөөгө, анын ичинде ачык-айкындуулукка, көз карандысыз маалымат каражаттарына, мыйзамдын үстөмдүгүнө, азчылыктардын укуктарына жана антисемитизм программаларына жумшалат.
Бирок айрым эксперттер АКШны чоң трагедия күтүп турганын айтышууда.
Умиджон Нозимжонов, Ташкент
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg