www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары ооган армиясына жана коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берген курал-жарактар менен аскер техникасын талибдер тартып алганы кооптуу экенин кабарлады. Бул тууралуу "Америка абазы" маалымдады.

Анда белгилүү болгондой, АКШдан ооган армиясы менен коопсуздук күчтөрү 2002-жылдан 2017-жылга чейин жалпы наркы 28 млрд. доллар болгон курал-жарак жана аскер техникасын акысыз алган.

Ооган аймагынын көпчүлүк бөлүгүн басып алган "Талибан" кыймылы Ооганстандын өкмөттүк күчтөрүнүн карамагындагы аскердик кампаларды басып алып, андагы курал-жарактарды дагы тартып алганы айтылды.

Талибдер өкмөттүк күчтөрдүн шалаакылыгынан пайдаланып, бир учурда өлкөнүн бир нече аймагын басып алган. Кийин Ооганстандын көпчүлүк провинцияларына көзөмөлүн орнотуп, бир жуманын ичинде Кабулду курчоого алганы белгилүү.

“Чалгын маалыматтары бир нече сценарийдин болушу мүмкүн экенин көрсөткөн. Алардын бири талибдердин ооган өкмөтүн тез арада кулатуусу, экинчиси жарандык согуш жана үчүнчүсү сүйлөшүүлөр аркылуу абалды жөнгө салуу. Биринчи сценарий ишке ашты” – деди АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли.

Талибдер 15-августта Кабулдан президент Ашраф Гани чыгып кеткен соң, президенттик сарайды согушсуз алган.

Буга чейин интернетке тараган видеодо талибдер аскердик машинелерге жүктөлгөн үкөктөрдү ачып, курал-жарактарды, байланыш каражаттарын, жада калса аскердик дрондорду карап жатканы көрсөтүлгөн. Америкалык аткаминерлер бул каражаттар тынч элге каршы колдонулушу мүмкүн деп тынчсызданды.

Ошондой эле, талибдердин колунда Кытай менен Орусиянын өңдүрүшүнөн чыгарылган ок атуучу куралдар жүргөнү дагы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости