www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарын чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында орнотулган эстелигине гүл коюу менен баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Быйыл, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт.

Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган.

Президент Садыр Жапаров Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен баарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости