www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык “The War Zone” аскерий-аналитикалык басылмасы Тажикстандан аскерлер жана бандалар басып кирген кездеги Ак-Сай айылынын спутниктик картасын жарыялады. Спутниктен тартылган сүрөт 16-сентябрда – Тажикстандын Кыргызстандын аймагына катуу чабуул жасаган күнү тартылган.
Белгилей кетсек, Ак-Сай айылы эки чоң турак жай массивине бөлүнгөн, анда үйлөр бири-бирине абдан жакын жайгашкан. Бир бөлүгү Ак-Суу дарыясына жакын (түштүк-чыгышта), экинчиси бир аз түндүк-батышта. Алардын ортосунда айдоо аянттары бар.
Кошумчалай кетсек, айылдын түштүк-чыгыш тарабы Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан жана Ворух анклавын караган. Ак-Сайдын жанында бир-эки эле тажик үйү бар, андан кийин Ак-Суу дарыясы, бир нече километр адырлар, талаалар, токойлор, андан кийин гана тажиктер жашаган конуш бар.
Кадрларга караганда айылга негизги сокку дал ушул аймакка (түштүк-чыгыш) тийген. Негизги спутник сүрөтү Тажикстандын кол салуу учурун тартып турат. Байкоочунун айтымында, кадрдагы түтүн кыргыз айылын болжолдуу түрдө ракета менен аткылоодон улам чыккан.
Ак-Сай айылынын түндүк-батыш тарабында байкоочу Тажикстандын аракеттерин үч мини-кадрда көрсөттү: биринчи кадрда кол салууга чейин кандай болгонун, экинчиси - кол салуу учурун, үчүнчүсү - кол салуунун кесепеттери. Алардын айтымында, тажиктердин чабуулунан бир нече үй талкаланган.
Белгилей кетсек, The War Zone басылмасы дүйнөдөгү аскерий жаңжалдарга адистешкен. Алар planet.com сайтынын жардамы менен спутниктен тартылган сүрөттү алышкан.
Булак: NazarNews.kg