www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жозеп Боррель Кыргызстандын элине көңүл айтты

Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Европа Биримдигинин Тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Жозеп Боррель менен жолугушту.

Тараптар Тажикстандын Кыргызстанга каршы куралдуу агрессиясынын натыйжасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашты.

Кыргыз тарап 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялардын ишенимдүү хронологиясын европалык дипломатиянын жетекчисине жеткирди.

Муратбек Азымбакиев 59 жабырлануучу, 160тан ашык жаракат алган, 140 миңден ашуун ички жер которгон, көптөгөн социалдык жана жарандык инфраструктуралык объектилер, анын ичинде мектептер жана турак-жайлар талкаланганын, кыргызстандыктардын мамлекеттик мүлктү жана мүлктөрүн басып алуу жана талап-тоноо фактылары тууралуу маалымат берди. 

Чиновник кыргыз тараптын деэскалацияга умтулуусун жана кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрбөс позициясын баса белгилеп, ошондой эле Жозеп Борреллдин көңүлүн кыргыз тарап өзүн-өзү коргоо жана республиканын эгемендүү аймагын Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн кезектеги эч кандай себепсиз басып киришинен коргоо максатында гана аракеттенгендигине бурду.

Жозеп Боррель каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ал кырдаалдын өнүгшүн тынчсыздануу менен байкап жаткандыгын белгиледи, анын оорчулугун жеңилдетүүгө чакырды, ошондой эле аны тараптардын ортосундагы конструктивдүү, тынчтык сүйлөшүүлөр аркылуу гана тезирээк жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди, анын ичинде ар кандай деңгээлдеги иш сапарларды жана иш-чараларды уюштуруу боюнча жакынкы келечектеги пландарды жана соода-экономикалык кызматташууну талкуулашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости