www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп жана бизнесмен Илон Маск АКШ жарандыгынан ажыратылышы мүмкүндүгү тууралуу Newsweek басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, республикачы сенатор Берни Морено жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. Ал документ эки жарандуулукка тыюу салууну көздөйт жана мыйзам кабыл алынса, бир катар белгилүү америкалыктарга терс таасир этет.
Морено өз сунушуна түшүндүрмө берип жатып, АКШ жарандыгы — “ардак жана артыкчылык” экенин белгилеп, америкалык болууну каалаган адам “баары же эч нерсе” принцибин тандашы керектигин айтты.
Эгер мыйзам күчүнө кирсе, Словениянын жарандыгын да алган Мелания Трамп бир жыл ичинде АКШ же Словения жарандыгынын биринен баш тартууга мажбур болот. Муну менен катар, үч өлкөнүн — АКШ, Түштүк Африка жана Канаданын — жарандыгына ээ болгон Илон Маск да чектөөлөргө туш болот.
Мыйзам долбоору Том Хэнкс, Мила Кунис, Памела Андерсон сыяктуу бир катар атактуу актерлорго да таасир этиши мүмкүн экени айтылууда.
Эске салсак, буга чейин Дональд Трамптын администрациясы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп эсептелген 19 өлкөнүн жарандарынын иммиграциялык арыздарын кароону убактылуу токтоткон.
Мухамад Ходиев, Ташкен