www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы Базар-Коргон районун жана Ноокен районунун Кочкор-Ата, Майлуу-Суу шаарын камтыган чуулуу №13 округдагы добуш берүүнү жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүү боюнча чечим кабыл алды. Натыйжада шайлоонун жокко чыгышына себепкер болгон Бакыт Сыдыковдун кесепетинен, калган талапкерлер дагы шайлоого кайра катыша албай турган болушту. Бул эми акыйкатсыздык десек жарашат. Бир адамдын кесиринен калган талапкерлер ак жеринен күйүп жыдышканы калыстыкка жатпайт.
Арийне, эми аталган округдан Кыргызстандын Германиядагы ыйгарым укуктуу элчиси болуп дээрлик төрт жылдан ашык иштеп жаткан Өмүрбек Текебаев шайлоого катышышы мүмкүн экени айтыла баштады.
Буга биринчиден элчилик мөөнөтү аяктап, эми эмне кылам деп турган Текебаев үчүн табылгыс олжо болуп жатат. Экинчиден, ага атаандаш болчу тың чыкмалардын дээрлик көбү жокко чыккан шайлоо менен “критке” кетишти. Андыктан мындай мүмкүнчүлүктү алты жыл мурун жөргөлөп кеткен жөргөмүштүн изин көргөн Текебаев колунан чыгарып жибериши күмөн.
Бирок, ар дайым жеке кызыкчылыгын көздөп, кандай кырдаал, кандай маселе болсун, алгач ал жагдайды өзүнүн мүдөө-талабынан карап көнгөн Текебаевди эл ишенип шайлайбы деген суроо туулат. Андыктан бар болгон дареметин, ресурсун колдонуп бүткөн Текебаевди депутат кылгандан өлкө, эл деле утпасы бышык. Саясий интрига эле күчөбөсө, натыйжа, майнап дээрлик болбойт.