www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Федералдык резервдер системасынын мурдагы башчысы Бен Бернанке, экономисттер Дуглас Даймонд жана Филип Дибвиг Нобелдин экономикалык илимдер боюнча сыйлыгынын лауреаттары аталды. Аларды сыйлоо аземи 10-октябрда Стокгольмдо өттү.

Окумуштуулар банктарды жана финансылык кризистерди изилдөөдөгү эмгектери үчүн сыйланышты. Алардын бул багыттагы иштери 1980-жылдардагы алгачкы изилдөөлөргө да пайдубал болуп бергени айтылды. Лауреаттардын изилдөөсү банктардын кыйрап калуусун алдын алуу өлкөлөрдүн экономикасы үчүн абдан маанилүү экенин көрсөткөнү Нобелдик комитеттин билдирүүсүндө белгиленет.

Даймонд менен Дибвигдин иштеринде банктардын кардарлар менен инвесторлордун арасындагы ортомчулугунун мааниси изилденген. Адистер банктар кризистик маалда өтө оор абалга кептелерин, калк жапырт акчасын чыгарып алган маалда банктар кыйрап калышы мүмкүндүгү белгилеген.

Бернанке АКШдагы Улуу депрессиянын себептерин жана кесепеттерин талдап чыккан. Анын изилдөөлөрүндө, салым салган кишилердин банктардан массалык түрдө качышы кризисти тереңдетип жибергени айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости