www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

8-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барды. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Маалыматка караганда, Блинкен Украинага жана Орусия коркунуч жараткан Европанын 18 мамлекетине 2 миллиард доллар каржылык жардам берүү тууралуу билдирүү жасайт.

Reuters агенттигине Мамлекеттик департаменттин атын атагысы келбеген расмий өкүлү Украинага канча каражат бөлүнөрүн жана Европанын кайсы өлкөлөрүнө жардам көрсөтүлөрүн тактаган жок. Бирок АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы АКШ Конгрессине узак мөөнөтүү инвестицияларды каржылоо ниетин билдирген.

Буга чейин Украина да, Энтони Блинкен өзү да Киевге сапары тууралуу маалымат берген эмес.

8-сентябрда Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШ Украинага 675 миллион долларга жакын суммада кошумча аскердик жардам берерин билдирген.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости