www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Москвадагы мурдагы элчиси Майкл Макфол «Украинская правда» гезитине берген интервьюда көптөгөн америкалыктар, анын ичинде бир катар илимпоздор Орусиянын президенти Владимир Путиндин тарыхый орус жана украин элдери боюнча позициясын колдоп жатканын моюнга алды.
«АКШда Путиндин Украина тууралуу айткан сөздөрүнө кошулган көп адам бар: «Орустар, украиндер, баары бирдей, туурабы? Алардын тилдери, негизинен окшош, туурабы? Жада калса окумуштуулар менен профессорлор да ушундай категориялар боюнча талашып-тартышат», - деп белгиледи экс-дипломат.
Макфолдун айтымында, көптөгөн америкалыктар Орусия менен Украинанын тамыры эски орус мамлекетинде жайгашкан деп эсептейт.
Эске салсак, буга чейин Bloomberg Путин Сербиянын жарандарынын сүйүктүү дүйнө лидери болуп чыкканын жазган. Президент сербдерге жан тарткан дүйнөлүк саясатчылардын тизмесинде биринчи орунга чыккан.
Орус лидери биринчи орунду ээледи: сурамжылоого катышкандардын 40 пайызы анын саясатын жогору баалаган. Экинчи орунду 12 пайыз менен Кытайдын президенти Си Цзиньпин, 11 пайыз менен француз Эммануэль Макрон ээлеген.
Булак: NazarNews.kg