www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын алдамчы саясаты

АКШнын Афганистан менен Сириядан калган согуштук техникалары  жана курал-жарактары Тажикстан менен Өзбекстанга жардам катары берилген. Мындан улам АКШ кадимкидей көзөмөл жүргүзүп, тажик-өзбек туугандардын тамырын тартып, аларды өзүнө тартуу амалын жүргүзүп келишет. Бирок берилген жардам менен айтылган кооз сөздөрдүн аягы аянычтуу болуп бүтөөрүн кошуна өлкөлөрдүн лидерлери  түшүнө албайт көрүнөт. 

АКШнын алдамчы саясатына туш болгон Африка, Азия, Европа өлкөлөрү бүгүн кандай абалда экенин айтып отуруунун деле кажети жок. АКШ жүргөн жерде согуш, кыйроо, өлүм-житим, ачкачылык, бөлүнүп-жарылуу, чачырап жок болуу жана башкалар. Мындай кыянаттыктан пайда көргөн мамлекетти «жырткыч» мамлекет деп айтсак жарашат. Талкаланып кеткен кыргыз мамлекетин калыбына келтирүү иштери азыркы президент С. Жээнбековго жүктөлгөндүктөн кыргыз эли белин бекем бууп, колунан келген жардамын аябашы керек. Анткени АКШнын жүргүзгөн саясаты, 30 жылдан бери таңуулап келаткан системасы, идеологиясы кыргыз элине 100 пайыз карама-каршы экени далилденип бүттү. Мына, АКШны туурап Кудай-теңирин тааныбай, ыйманын жоготкон коррупционерлерден президент С. Жээнбеков баш болуп кутула албай жатабыз. Мындан 30 жыл мурда Акаев капиталисттердин капканына түшүп бергенде, өзбек президенти И. Каримов өзүнүн бекемдигин көрсөтүп Өзбекстанды сактап калган. Эми болсо Ш. Мирзиёев келгени, АКШнын курал-жарактарын алып, баягы биздин баштан өткөн илгерки приватизация башталууда.

Кудай уруп, Акаевдин реформасындай болуп кетпесе эле болду. Ал эми тажик президенти уулуна чактап иш кылган адам экен, баарын көрүп билип туруп АКШнын каалаганын толугу менен аткарууда. Тажик-өзбек туугандарды чүлүктөп алган АКШ, жайыттарды кыдырып койлордун семизин тандап жүргөн карышкыр сыяктуу госсекретарь М. Помпеону жөнөттү. Сыртынан караган адамга М. Помпеонун кооз сөздөрү чоң бала майда балдарды адаштырып жаткан сыяктуу болуп калды. Анын бал сөзүнө ылайык, ал ышкырганда майда-чоңу дебей баары жапырт Кытайга асылышы керек экен. АКШнын сценарийи боюнча, Кытайдын экономикасы менен тиричилик кылып келаткан Борбор Азия өлкөлөрү жакырчылыктын сазына батып, пайдасын океандын ары жагындагы АКШ көрүшү керек экен. Акылыңа баракелде дегендей, куулангандын да чеги болуш керек да. Бирок госсекретарь М. Помпео менен болгон кыл чайнашкан тирешүүдө кыргыз министри Ч. Айдарбеков каршылашын кадимкидей көтөрүп чапкандай болду. Элестетип  көрсөк, арам ою ишке ашпаган неме эси оой түшкөн экен, аны жандап жүрүшкөн тажик-өзбек туугандар зорго сүйрөп кетишти. Эми жүзү жок неме эсине келе электе, министр Ч. Айдарбеков өзүнүн Россиялык коллегалары болгон министрлер Шойгу-Лавров менен кеңешип, кыргыз-тажик чек арасын Россиянын аскерлерине кайтартып койсо, ал жактагы АКШнын наемный армиясы, ИГИЛи болуп жүргөн жеринде жүрө беришээр эле. Биздин Баткен, Лейлек райондорун каптап кетишсе  иш чатагына айланышы мүмкүн. Алар менен камыр-жумур болуп аралашып кетсек, кимдин ким экенин териштирүү жүз эсе кыйынчылыктарды жаратары турган иш. Ошондуктан кыргыз-тажик чек арасын чычкандын мурду өткүс кылып орустарга кайтартып, андан кийин ички проблемаларды чечиш керек. Алар кандай проблемалар? АКШ кыргыз жарандарына чек коюп, кыргыздарды кемсинтип турушса, биз аларды төбөбүзгө көтөрүп, сыйлап турабыз. Толгон-токой америкалыктар көп сандаган НПОлору менен Кыргызстанда жойлоп жүрүшөт, Жүргөндө да жөн жүрбөй Ак үйдүн алдына тизилип алышып акыл үйрөтөт имиш. Ал эми Ак үйдүн ичинде болсо, проамерикалык депутаттардан баштап 7-кабатка чейин АКШны «обожать» эткендер толуп алышкан.

Зарлык Дыйканбаев

Булак: “Жаңы Ордо”

Последние новости