www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Садыр Жапаровдун талапкерлеринин митингине эл чогулууда. Чогулуп жаткандардын алдына уюштуруучулардын алып баруучусу эл алдына чыгып, провокацияга жол бербей, бийликке карата чагымчыл сөздөрдү айтпоого чакырды.

“Биз Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылганы чыкты. Ар кандай провокацияга жол бербей, бийликке карата чагымчыл сөздөрдү сүйлөбөгүлө. Борбор аянтыбызды таза кармайлы. Түкүрбөгүлө, тамекилерди таштабагыла. Эгер ошондой боло турган болсо четке чыгарып тартипке келтирип коё турган адамдар бар”,-дейт алып баруучу.

Эске сала кетсек, камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшөрүн, анда бийликтен саясатчыны бошотууну, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышарын айтышкан.

Кечээ, 1-мартта абактагы Садыр Жапаров эртең, 2-мартта өтө турган митинг тууралуу Кайрылуу жасап, тарапташтарын ал митингге чыкпоого чакырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости