www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын батышындагы ысыктыктардын рекорддук деңгээлге жетиши менен кугакчылык коркунучун тереңдетти. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.

Өлкөнүн батышынын жарымы кургакчылыктан таасирленгендиги, чукул түрдө чаралар көрүлбөсө суу тартыштыгынын дагы чоң маселе жаратары белгиленди. АКШнын Кургакчылыкты иликтөө USDMнын маалыматтарына караганда өлкөнүн 38 пайыздык бөлүгү кургакчылыкка дуушар болууда.

Кургакчылыктан 300 миллион гектарга жакын аянттын таасирленгендиги жарыяланды. Суу тартыштыгынан түздөн түз же кыйыр түрдө таасирленгег киши саны 94 миллиондон ашуун. Ысык аба толкуну менен кургакчылык шарттарынын биригиши дарыялардын жана суу булактарынын дагы көп кургашына, суу сактагычтардагы суусунун деңгээлинин төмөндөшүнө себеп болду.

АКШнын эң ири суу резерви Мид көлүндө ушул кезге чейинки эң төмөнкү деңгээлге жетти. Акыркы бир жылдын ичиндеги жаан - чачындын азайышы менен бирге глобалдык климаттык алмашуу да кургакчылыкка таасирин тийгизүүдө.  

Последние новости