www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун Индияда пайда болгон - “дельта” штаммы 92 мамлекетте аныкталды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) чукул кырдаалдар департаментинин техникалык тобунун башчысы Мария Ван Керхове билдирди.

 --"Азыр биз 92 мамлекетте Индия "дельта" штаммы бар экендигин билдик" деди Керхове.

Анын айтымында, ДСУ коронавирустун "дельта" штаммынын дүйнө жүзү боюнча тез жайылышына тынчсызданууда. ДСУнун маалыматы боюнча, учурдагы вакциналар индиялык коронавирус штаммынан коргой алат, бирок инфекциядан натыйжалуу коргоо үчүн, вакцинациянын толук курсунан өтүп, вакцинанын эки дозасы менен эмдөөдөн өтүш керек.

Уюм ошондой эле ДСУ коомчулуктун үшүн алган Индияда пайда болгон “дельта” штаммы өлүмдүн көбөйүшүнө алып келет деген маалыматты четке какканы менен бул көйгөй ДССУнун адистери тарабынан изилденүүдө.

Буга чейин Индиянын Махараштра штатында коронавирустук инфекциянын жаңы түрү делта плюс деп аталган 20 учур жөнүндө маалымдаганбыз. Ошондой эле коронавирустун "дельта" штаммы Казакстанга кирген деп болжолдонууда.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости