www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Р. Т. Эрдоган ата мекендик жаңы COVID-19 вакцинасынын атын  "TURKOVAC"  деп атады. Бул тууралуу трт.нет кабарлады. COVID-19га каршы ата мекендик вакцинанын фаза - 3 иликтөөсүнүн негизинде ыктыярдуулар менен жүргүзүлгөн эмдөө программасы президент Эрдогандын онлайн режимде катышуусу менен Анкара оорукана шаарчасында башталды.

Президент Эрдоган: «Өлкөбүздү эпидемиядан эртерээк куткаруу үчүн негизги нерсе өз вакцинабызга ээ болуу. Бул вакцина менен бирге Түркия жаңы бир мезгилдин каалгаларын ачууда. Бир канча жуманын ичинде өлкөбүздөгү 18 жаштан жогору болгон жарандарыбыздын баарын эмдөөгө алабыз», - деди.

Президент ата мекендик COVID-19 вакцинасынын атын "TURKOVAC" деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости