www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров депутаттарды өлкөдөгү улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасабоого чакырды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, президенттин атына «Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы» коомдук бирикмесинен Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкуловдун ачык сөзүнө реакция кылуу өтүнүчү менен кайрылуу келген. Анда депутат сабиздин баасын дунган улутундагылар жасалма жол менен жогорулатып жатканын айткан.

«Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдү жасабоого чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн.

Ошондуктан, мамлекет башчысы бардык жарандарды, анын ичинде депутаттарды сак болууга, бул темада чайкоочулук кылбоого чакырды. Бүгүнкү күндө Кыргызстан — 100дөн ашык этнос жашаган көп улуттуу өлкө, биргелешкен аракеттерибиз менен гана күчтүү жана өнүккөн мамлекетти кура алабыз», — деди Эрбол Султанбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда улуттар аралык кастыкты жараткандар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси боюнча үч жылдан төрт жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости