www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ден соолугунун абалы кандай экенин текшерип жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары АКШнын өкмөтүнө шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын бир нече күндөн бери расмий иш-чараларга катыша элек. Лидер чоң атасы Ким Ир Сендин туулган күнүнө арналган эскерүү зыйнатына дагы катышкан эмес.

"Бийлик өкүлдөрүндө Ким Чен Ындын ден соолугу тууралуу маалымат жок. Ал 11-апрелден тарта эл алдына чыга элек", - деп жазылган маалыматта.

Лидердин жоктугун байкаган жалпыга маалымдоо каражаттары анын абалы башынан өткөргөн жүрөк-кан тамыр ооруларына байланыштуу операциядан кийин начарлап кетиши мүмкүн деп болжошкон.

Буга чейин Ким Чен Ын 2014-жылы бир айдан ашык убакытка жакын көрүнбөй кетип, андан кийин ичке аса таяк менен эл алдына чыккан. Себеби ошол убакта дагы опрецияны башынан өткөргөдүгү маалым болгон.

Ким Чен Ын уже ходит без трости

Булак: NazarNews.kg

Последние новости