www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19: Кыргызстанда 12 кишинин абалы оор

Коронавирус жуктуруп алгандардын арасынан 12 кишинин абалы оор, алардын бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Бардыгы 367 байтап ооруканада дарыланууда. 12 адамдын абалы оор, бешөө жандандыруу бөлүмүндө кармалып турат”, — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 21-апрелине карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 22 учуру катталды.

Алардын ичинен:

Бишкек ш. – 8

Ош облусу – 3

Ош ш. – 6

Нарын облусу – 5

Республика боюнча: 590

Булак: NazarNews.kg

Последние новости