www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 20-апрелде, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын 10 кызматкери обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Ошол эле учурда, анализдин жыйынтыктары таза чыккандыгын ИИМден баса белгилешти.
"Бирок алар алдыңкы катарда болушкандыктан, обсервацияда текшерүүдөн өтүшү керек. Алардын бардыгы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин медициналык бөлүмүнүн көзөмөлүндө", - деп маалымдашты.
Эске сала кетсек, өлкөбүздө 21-апрелге карата илдетти жуктургандардын саны 590го жетип, анын 216сы айыгып кеткен. Ал эми каза болгондордун саны 7ге жетти.
Булак: NazarNews.kg