www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык делегация Катардын борбору Дохада «Талибан»* радикалдык кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкүлдөрү менен жолугушат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, америкалык өкүлдөрдүн талибдер менен жолугушуусу дем алыш күндөрү болот. Америкалык делегациянын курамында Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү, USAID жана чалгын кызматынын өкүлдөрү болот.

Алар АКШнын жарандары жана башкалар үчүн Ооганстандан коопсуз чыгууну камсыздоо үчүн, ошондой эле барымтага алынган америкалык Марк Фрерихти бошотуу үчүн «Талибанга кысым көрсөтүшөрү» белгиленген.

АКШнын администрациясынын расмий өкүлүнүн айтымында, бул жолугушуу «талибдер менен прагматикалык мамиленин уландысы» болот, аны америкалыктар «улуттук кызыкчылыктар үчүн маанилүү маселелер» боюнча жүргүзүшөт.

«Бул жолугушуу легитимдүүлүктү таануу же ырастоо жөнүндө эмес», - деди ал.

Эске салсак, буга чейин АКШнын штаб башчыларынын төрагасы, генерал Марк Милли талибдер башка террордук уюм Аль-Каида (Орусияда тыюу салынган) менен байланышын үзбөгөнүн белгилеген. Ал Вашингтон талибдерди террорчу катары тааный берерин баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости