www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-апрель күнү АКШда коронавирустан улам биринчи жолу Мамлекеттик департаменттин бир аткаминери каза болду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео америкалык басылмаларга билдирди. 

Ал коронавирустан көз жумган аткаминердин атын атаган эмес. Бирок, учурда штаттын кызматкерлери менен Мамлекеттик департаменттин ичинде дагы вируска шектелгендер көп деп баса белгилеген.

Белгилей кетсек, АКШда акыркы үч күндүн ичинде коронавирустан өлгөндөр эки эсе көбөйүп, жалпы саны 4 800гө жакындады. Илдетти жуктуруп алгандар 212 миңден ашты. Кошмо Штаттардагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши каза тапты.

Өлкө президенти Дональд Трамп жакынкы эки апта оор болушу мүмкүн экенин эскертти. «Мен ар бир америкалык алдыдагы оор күндөргө даяр болушун каалайм. Алдыда бизди эң кыйын эки апта күтүп турат», - деди Трамп.

Эске сала кетсек, коронавирус илдети ааламдагы 180ден ашык мамлекетке тарап, 2-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус жуктургандардын саны 932 миң 605ке жетти. Алардын арасынан 193 миң 177 адам айыгып, 42 миң 139 бейтап каза болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости