www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын Уиаррал районунун Мерисайд графтыгынын тургуну 2 жолу ракты жеңген, бирок коронавирусту жуктуруп алганынан бир нече күн өтпөй көз жумду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.
Маалыматка ылайык, 79 жаштагы Дэвид Александр Уильямс 2 жолу рак илдетине кабылганына карабастан ден-соолугу чың, шайыр адам болчу.
Март айынын аягында анда коронавирустун белгилери байкалган. Бирок ал үйдөн дарыланууга аракет кылган. 28-март күнү Уильямстын абалы начарлап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага барган. Бейтапка дарыгерлер коронавирус илдетин жуктуруп алгандыгын айтышкан. 30-мартта ал пневмониядан улам көз жумган.
Булак: NazarNews.kg