www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кондализа Райс 2003 -  жылы Иракты демократия үчүн эмес, мамлекет башчысы Саддам Хусейинди кулатуу үчүн басып алышкандарын моюнга алды.

АКШнын мурунку мамлекеттик катчысы жана мурунку Улуттук коопсуздук кеңешичиси Кондализа Райс 2003 -  жылы Иракты демократия үчүн эмес, мамлекет башчысы Саддам Хусейинди кулатуу үчүн басып алышкандарын моюнга алды.

Мурунку президент Жорж Буш мезгилинде оболу Улуттук коопсуздук кеңешчиси, андан кийин 2005 – 2009 -  жылдары АКШнын мамлекеттик катчысы кызматын аткарган Райс Брукингс институтундагы  жыйында сүйлөгөн сөзүндө 2003 -  жылдагы Ирак же 2001 -  жылдагы Афганстанды басып алуунун демократияны бул өлкөлөргө жайылтуу максатында жасалбагандыгын айтты.  «Биз Иракка демократияны алып баруу үчүн эмес, Саддам Хусейинди кулатуу үчүн бардык. Бул коопсуздук маселеси эле»,- деген Райс : «Мен эч качан Буштун аскердик күчтү Ирак жана Афганстанга демократия алып баруу үчүн колдонгондугун айткан жокмун»,- деди.

Булак:"trt.net.tr"

Последние новости