www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия, Казакстан, Дубай жана Түркиядагы кыз-келиндерибиз жөнүндө жакшы кабар укпай калдык окшойт. Дегеним, акча табуунун жеңил жолун издеген кургурлабыз жогорудагы өлкөлөрдө бир-экинден эмес топ-тобу менен кылтакка илинип, өлкөбүздүн, улутубуздун бетине чиркөө болуп келатат. Мына кечээ эле 12-майда, Түркиядан көңүл чөгөргөн кезектеги кабар келди. Анда аталган өлкөнүн Анталия деген шаарында сойкулукка шектелген 22 кыргызстандык кармалыптыр. Бул тууралуу, Тышкы иштер министрлиги маалымдайт. Анда айтылгандай, Гүзелоба районунда сойкулукка бөгөт коюу максатында өткөрүлгөн иш-чаранын алкагында 84 жаран кармалган. Колго түшкөндөрдүн 78и чет өлкөлүктөр болсо, алардын 22си кыргызстандык кыз-келиндер экен. Учурда алар аталган шаардын Миграция башкармалыгынын бөлүштүрүүчү жайында кармалууда жана жакынкы күндөрү депортацияланышы күтүлүүдө. Кайда барсаң мамайдын көрү деген шум заман болду го…

Последние новости