www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ушул жылдын 31-март күнү, АКШнын президенти Дональд Трамп Италиянын премьер-министри Конте менен телефон аркылуу коронавирус пандемиясы тууралуу сүйлөшүштү.
Маалыматка ылайык, президент Трамп Италияда илдеттен каза тапкандарга байланыштуу Контеге көңүл айткан.
Мындан тышкары, АКШ Италияга коронавируска каршы күрөшүүгө 100 миллион доллар жардам катары бермей болду. Ага кошумча, Трамп менен Контенин пандемиянын көзөмөлгө алынышы жана дүйнөлүк экономиканын жандандырылышы үчүн Чоң жети жана Чоң жыйырма тобу менен катар жакын кызматташтыктын улантылышы боюнча макулдашышты.
Эске сала кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.
Акыры маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 858 785 миңге жетти. Алардын ичинен 42 151 киши каза баап, 178 119 киши сакайды.
Булак: NazarNews.kg