www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилгенине карабастан жергиликтүү тургундардын кайдыгер мамиле жасап, дагы деле болсо коомдук жайларда себепсиз жүргөндүктөрү байкалууда. Буга байланыштуу бүгүн 1-апрелде Жалал-Абад шаарынын аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу жана жарандардын негизсиз көчөдө жүрүүлөрүнө чектөө коюу максатында рейд жүргүзүлүүдө. Шаар аймагында жүргөн автоунаалар да текшерилип, тиешелүү документтери жок унаалар айып короого жеткирилүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаар тургундарына ооруканага, дарыканага жана азык-түлүк үчүн дүкөндөргө гана барууга мүмкүн экендиги, азыркы шартта зарыл жумушу болбосо сыртка чыкпоо керектиги түшүндүрүлүп жатат.
“Биздин негизги максат дүйнө жүзүндө тарап жаткан илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоо болуп эсептелет. Көрүлгөн чараларга карабастан жарандар түшүнүү менен мамиле жасабай, кайдыгер болуп, тоготпоочулук жагдайлар жаралганы үчүн учур талабы катуу чараларды талап кылып жатат. Ошол себептүү алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары күчөтүлүп, катуурак талаптар коюлуп, айрым чектөөлөр болууда” – деп баса белгиледи Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Ж.Жоробеков онлайн брифинг учурунда.
Азыркы кырдаалга байланыштуу шаар тургундарын укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип, үйдөн чыкпай, мыйзам жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болуп, тартипти сактап, өзүңүздөрдүн ден соолугуңуздарга кам көрүүгө чакырабыз.
Эске салсак буга чейин айрым маалымат булактарынан Жалал-Абадда тиешелүү кагаздары жок автоунаалар айып короого жеткирилип жатат деген маалымат жарыяланган болчу.
Булак: NazarNews.kg