www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Афганистандын түштүгүндөгү Гилменд провинциясында жолго коюлган бомба жарылып, кичи автобуста бараткан сегиз киши мерт болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.
Жергиликтүү полиция алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин, алтоо жаш балдар болгонун, дагы эки адам жаракат алганын маалымдаган.
Провинциянын губернаторунун өкүлү Омар Звактын айтымында, бул кандуу окуя Герешк районунда болду.
Кол салууну ким уюштурганы азырынча белгисиз. Бул провинцияда "Талибан" кыймылынын жана "Ислам мамлекети" террорчул тобунун да жоочулары бар.
Өкмөттүк күчтөр Гилменддеги 14 райондун бешөөнү жана борбор шаары Лашкар Гахты гана көзөмөлдөйт. Калгандарынын баары, анын ичинде бул окуя болгон Герешк району да талибдердин карамагында.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Афганистанда көмөктөшүү миссиясынын маалыматы боюнча, 2009-жылдан бери ар кандай куралдуу кагылыштарда, кол салууда 100 миңден ашык жайкын тургун каза болду.
Ушул жылдын февраль айынын соңунда АКШ менен "Талибан" бир канча жылдан бери уланып келе жаткан согушту токтотуу боюнча тынчтык келишимине кол койгон. Андагы шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек эле. "Талибан" да туткундагы бир миң кишини эркиндикке чыгарууга тийиш болчу. Ошондо гана оогандардын өз ара ички диалогу башталмак. Бирок бул сүйлөшүүлөргө президент Ашраф Гани менен анын башкы саясий атаандашы Абдулла Абдулланын өз ара саясий тиреши жолтоо болду. Андан сырткары Кабул менен "Талибан" туткун алмашуу тууралуу бири-бирине шарт коюп жатат.
Булак: NazarNews.kg